Кыргызстанга мунайзаттарынын айрым түрлөрүн автоунаада ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды

Кыргызстанга мунайзаттарынын айрым түрлөрүн автоунаада ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды

Кыргызстанга мунай жана мунайзаттарынын айрым түрлөрүн автоунаада ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 22-октябрда кол койду.

«Бул чечим көмүскө экономиканы кыскартууга жана тиешелүү каттоосу жок, таризделбеген мунайзаттарды өлкөгө ташып келүүгө чектөө коюуга багытталган», — деп маалымдады өкмөттүн басма сөз кызматы.

Бирок ташууга убактылуу тыюу салынган мунайзаттарынын айрым түрлөрү кайсылар экени көрсөтүлгөн эмес. Тыюу салуу качанкыга чейин күчүндө болору, бул аралыкта темир жол менен гана ташыш керекпи же башка жолдору барбы — бул тууралуу чечимде жазылган эмес.

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, республиканын бензин менен дизел отунуна болгон жылдык керектөөсү орточо 1 миллион 400 миң тоннаны түзөт. Күйүүчү жана майлоочу майдын 80% Орусиядан келет.

2018-жылда күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз ташыган 73 факт катталган, алардын көлөмү 146 530 литрди түздү, бул болжолдуу 5 миллион сомго барабар. 2019-жылдын январынан июнга чейин тийиштүү документтери жок 5 777 тонна мунайзат ташылып келинген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>