Кыргызстанга мыйзамсыз алынып келген 9 оң рулдуу унаа кармалды

Кыргызстанга мыйзамсыз алынып келген 9 оң рулдуу унаа кармалды

Кыргызстанга мыйзамсыз алынып келген 9 оң рулдуу унаа кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан (Каржы полициясы) билдиришти.

Финполдун Жайыл жана Панфилов району боюнча аймактар аралык бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан «Чалдыбар — унаа жолу» көзөмөл бекетинде үч жүк ташуучу унаа кармалган: «Рено Премиум», «Вольво FH12» жана «Вольво FH13». Ал унаалардын чиркөөсүндө оң рулдуу үчтөн унаа болгон.

Ошол эле учурда документтерде жүк ташуучу унааларда унаа тетиктери алынып келе жатканы жазылган.

Финполдун Чүй облусу боюнча тергөө бөлүмү тарабынан ал унаалар Японияда өндүрүлгөнү, эч кандай бузугу жок экенин аныкталган.

Кыргызстандын аймагында оң рулдуу унааны жол кыймылында пайдалануу үчүн ташып келүүгө тыюу салынат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>