Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келген 4 цистерна-вагон бензин кармалды — сүрөттөр

Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келген 4 цистерна-вагон бензин кармалды — сүрөттөр

13-декабрда Казахстандан  Кыргызстанга  мыйзамсыз ташылып келген 4 цистерна-вагон күйүүчү май кармалган. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, мыйзамсыз жүктүн көлөмү 240 тоннага барабар.

Мыйзамсыз жүк “Кара-Балта» темир жол станциясынан кармалган. Өтөрүлгөн экспертизанын негизинде аталган вагондордогу заттар А-92 маркасындагы бензин экендиги аныкталган. 

Ошондой эле, Темир жол станциясынын аймагында жасалма жүк ташуучу документтери менен Республиканын түштүк областтарындагы май куйуучу жайларга жүк ташый турган 5 автобензин ташуучу унаалар кармалды.
[su_image_carousel source=»media: 16303,16304,16302,16301″ limit=»36″ crop=»none»]

Аталган майлоочу жана күйүүчү майларды мыйзамсыз ташуудагы аталган каналды жок кылууга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 16-декабрь күнү  120 тонна «бензанол» жүктөлгөн дагы 2 вагон кармалды.

Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иштери сотко чейинки өндүрүштүк материалдардын негизинде төлөнбөгөн салыктар эсептелүүдө.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>