Site icon Reporter.kg

Кыргызстанга орусиялык 30 жаш педагог келди

Россия Кыргызстандын мектептерине Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин дагы 30 россиялык жаш педагогун жиберди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 3 айдын ичинде алар профилдик предметтерди орус тилинде окутуп, класстан тышкаркы ишке жардам берип, кесипке багыттоо мүнөзүндөгү иш-чараларды өткөрүшөт.

Бул – россиялык мугалимдердин экинчи тобу. Биринчиси республиканын мектептеринде былтыркы жылдын декабрынан бери иштеп жатат.

Баш калаадагы А. Токомбаев атындагы № 24 мектеп-гимназиянын директору Анара Абдураимова белгилегендей, россиялык мугалимдердин келиши – кыргызстандык окуучулар үчүн билимдердин эбегейсиз багажы.

“Россиянын тажрыйбалуу педагогдору менен иштешүү билим берүү процессин байытып гана тим болбостон, биздин өлкөлөрдүн ортосундагы маданий алмашууга да өбөлгө түзөт. Бул тажрыйба Кыргызстандагы билим берүү системасын андан ары өнүктүрүү үчүн негиз болот”, – дейт А. Абдураимова.

“Евразия” АКУ салттуу баалуулуктарды сактоого жана улуттар аралык баарлашууну өнүктүрүүгө багытталган гуманитардык долбоорлорду ишке ашырат. Ал социалдык жактан маанилүү демилгелерди колдойт, ар кайсы маданияттын өкүлдөрүнө өз ара баарлашуу мүмкүнчүлүгүн берет, билим берүү, медицина, жаштарды алмашуу жаатындагы долбоорлорду өнүктүрөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version