Site icon Reporter.kg

Кыргызстанга Pfizer вакцинасынын 100 миң дозасы келет, — министр

Кыргызстанга Pfizer вакцинасынын 100 миң дозасы келери күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, COVID-19 инфекциясына каршы 267 миң 578 вакцина колдонуудан чыгарылды. Анткени алардын сактоо мөөнөтү узак болбогондуктан колдонулган эмес.

“Жалпысынан 3 миллион 567 миң 100 вакцина колдонулду. Алардын ичинен көбүн Sinopharm вакцинасы түздү. Учурда республика боюнча 2 миллион 333 миң 533 Sinopharm вакцинасы бар. Мындан тышкары биз Pfizer вакцинасынын келишин күтүп жатабыз”, — деди Жаркынбек Касымбеков.

 

Exit mobile version