Site icon Reporter.kg

Кыргызстанга Россиядан 3 жана 6 айлык эки ымыркай кайтарылды

Ата-энесинин камкордугусуз калган 3 жана 6 айлык эки бала Россиянын Санкт-Петербург шаарынан Кыргызстанга кайтарылды. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Балдарды кайтаруу иштери аталган министрлик тарабынан Кыргызстандын Санкт-Петербург шаарындагы башкы консулдугунун жана Саламаттык сактоо министрлигинин жардамы менен уюштурулган.

Акыркы үч жылда кароосуз калган 38 жашы жете элек кыргызстандык мекенине кайтарылган.

Exit mobile version