Site icon Reporter.kg

Кыргызстанга Улуу Британиянын тышкы иштер министри келет

Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Сапардын алкагында Кэмерон ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев менен жолугуп, эки өлкөнүн кызматташтыгын талкуулайт.

Ошондой эле Кэмерон президент Садыр Жапаров жана өкмөт башчысы Акылбек Жапаров менен жолугушат.

Exit mobile version