Кыргызстанга унааларды мыйзамсыз киргизгендер кармалды. Өлкөгө 6 миллион сом киреше түшкөн эмес

Кыргызстанга унааларды мыйзамсыз киргизгендер кармалды. Өлкөгө 6 миллион сом киреше түшкөн эмес

Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз ташылып келинген авто транспорт каражаттары кармалды. Бул тууралуу  Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты

Маалыматка ылайык, мыйзамсыз ташылып келген 2002-жылы чыккан “TOYOTA RAV 4”, 2012-жылы чыгарылган “HYUNDAI SONATA” жана 2007-жылы чыккан “VOLVO – FH440” маркасындагы унаалар кармалды.

“Бул фактылар боюнча бажы алымынын суммасы туум менен кошкондо 4 895 915 сомду түзөт. Мындан тышкары, “VOLVO-FH12” маркасындагы жүк ташуучу унаанын чыгарылган жылын өзгөртүү менен так эмес декларациялоо фактысы “Түндүк-Чыгыш” бажысынын кызматкерлери тарабынан аныкталды. Бул факт боюнча бажы алымынын суммасы туум менен кошкондо 1 361 024 сомду түзөт”, — деп айтылат маалыматта.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>