Site icon Reporter.kg

Саламаттык сактоо министрлигине вакцина ташуучу 16 унаа берилди

Бүгүн, 1-июнда Бишкекте вакцина ташуучу 16 адистештирилген унааны тапшыруу аземи өттү. Унаалар Саламаттыкты сактоо министрлигине Вакциналар жана иммунизациялоо боюнча глобалдык альянс жана ЮНИСЕФ тарабынан Кыргызстанда эмдөө көрсөткүчтөрүн жакшыртуу аракеттеринин алкагында берилди.

Министрликтин маалыматына караганда, унаалар алыскы аймактарга чыгууну камсыздай алат. Алар көпчүлүк вакциналарды коопсуз ташуу үчүн зарыл болгон чоң муздаткыч камераларын алып жүрүүгө арналган. Машиналар ошондой эле вакциналарды күндүн тике тийген нурларынан коргоо үчүн атайын панелдер менен жабдылган.

«Бүгүнкү күндө адистештирилген унааларды өткөрүп берүү биздин саламаттыкты сактоо системабызды чыңдоодогу маанилүү кадам болуп саналат. Бул унаалар биздин өлкөнүн эң алыскы аймактарына да вакциналарды жеткирүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк берет, бул эмдөө көрсөткүчтөрүн жогорулатуу жана жарандарыбыздын ден соолугун коргоо үчүн маанилүү”, — деди министр Алымкадыр Бейшеналиев.

Унаалар вакциналарды областтык сактоочу жайлардан райондук кампаларга жеткирүүнү жакшыртууга жардам берет.

«Кызылча, кызамык же көк жөтөл сыяктуу ооруларга каршы вакциналардын коопсуздугу жана натыйжалуулугу үчүн атайын сактоо жана ташуу шарттары талап кылынат. Ошондуктан, бул инфраструктураны жакшыртуу Кыргызстандагы ар бир баланын өмүрүн сактап калуучу вакциналардын болушуна түздөн-түз таасирин тийгизет», — деди ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристина Бруджоло.

Бул министрлик ала турган 26 унаанын биринчи партиясы. Калган 10 унаа өлкөгө 2024-жылдын июль айынын аягына чейин келет. Унаалардын жалпы баасы 1,26 миллион долларды түзөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version