Кыргызстанга Япония коронавирус менен күрөшүүгө 1 млн доллардан ашык каражат бөлөт

Кыргызстанга Япония коронавирус менен күрөшүүгө 1 млн доллардан ашык каражат бөлөт

Япония ПРООНдун демилгесин колдоп, саламаттыкты сактоо тутумун чыңдоо, социалдык жана экономикалык туруксуздуктун алдын алуу жана жумушка орноштуруу долбооруна 1,2 миллион доллар бөлүүнү чечти. Бул тууралуу ПРООНдун басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргызстанда коронавирус илдети кайрадан күчөп жатат, андыктан кышында вируска туруштук берүү үчүн даярдыктарды көрүү керек. Акыркы 8 айда кыргыз коомуна жана экономикасына келтирилген эбегейсиз зыяндын ордун толтуруу жана калыбына келтирүүнү келечектеги өнүгүү менен байланыштыруу дагы маанилүү», — деп билдирди Япониянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Шигеки Маэда.

Элчи Япония коронавирус кризисинен чыгуу үчүн эл аралык уюмдар менен кызматташууну уланта берээрин белгиледи.

«Биз саламаттыкты сактоо тутумун чыңдоо, ошондой эле Кыргызстандагы коронавируска байланыштуу социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү боюнча бир катар иш-чараларды жүргүзөбүз. Биздин максатыбыз — келечекте COVID-19 пандемиясы сыяктуу жана башка кризистерге каршы жардам берүү», — деди ПРООНдун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Луиза Чемберлен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>