Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кыздары машыга турчу жайы жок, шарты жок эле Кыргызстандын желегин желбиретип жүрүшөт. Ушуларга машыгуу залын куруп бергенге мүмкүнчүлүк барбы? Бул суроонуу Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Аскарова Министрлер Кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Акылбек Жапаровго парламентте берди.
Акылбек Жапаров “Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жер карап жатабыз, жер тапсак курулуштун долбоорун иштеп чыгып, салып беребиз”- деди.