Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда “Е-Дипломат” мамлекеттик мекемеси түзүлдү

Тышкы иштер министрлигине караштуу “Е-Дипломат” мамлекеттик мекемеси түзүлдү. Жарлыкка Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган мекеме тышкы миграция чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу, уруксат берүү чөйрөсүндө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатуу, ошондой эле виза жана миграция маселелерине комплекстүү мамилени камсыз кылуу максатында түзүлдү.

Жарлыкка ылайык, мекеменин иши ТИМдин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

Exit mobile version