Site icon Reporter.kg

Кышкы Олимпиада оюндары чет өлкөлүк күйөрмандарсыз өтөт

Чет өлкөлүк күйөрмандар Бээжинде өтө турган кышкы Олимпиада оюндарына катыша албайт. Билеттер коронавируска каршы күрөшүү талаптарына жооп берген Кытайдын материкалык бөлүгүндө жашагандарга гана сатылат.

Мындай чечимди Эл аралык Олимпиада комитети кабыл алды.

Комитеттин токтомуна ылайык, толук эмдөөдөн өтпөгөн мелдештин катышуучулары Бээжинге келгенде үч жума карантинде болот.

Бээжиндеги кышкы Олимпиада оюндары 2022-жылы 4-20-февралда өтөт.

Орусиялык спортчулар допинг чырына байланыштуу Токиодогудай эле өлкөнүн Олимпиада комитетинин курама командасы катары катышат. Жеңишке жетишкен учурда улуттук желектин ордуна комитеттин туусу көтөрүлөт.

Exit mobile version