Site icon Reporter.kg

Кышкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан бир спортчу катышат. Аны ким коштоп барат?

Пекинде өтүүчү Олимпиада оюндарында Кыргызстандын атынан тоо лыжачысы Максим Гордеев катышарын Улуттук олимпиада комитети билдирди.

Максим Гордеев 1995-жылы Каракол шаарында туулган. Ал 2010-жылдан бери лыжа тээп келет. Кыргыз Республикасынын чемпиону жана спорт чебери, Эл аралык лыжа федерациясынын (FIS) колдоосу астында үч дүйнөлүк чемпионаттын, эки кышкы Универсиаданын жана көптөгөн старттардын катышуучусу.

Эл аралык аренада эң жакшы жыйынтыкты 2018-жылы FIS мелдештеринде көрсөткөн. Анда төртүнчү орунду алган. Анын негизги жана жеке машыктыруучусу Игорь Борисов.

Акыркы төрт жылда Максим Гордеев Иран, Армения, Швеция, Орусия, Италия, Швейцария, Австрия, Түркия, Кыргызстан жана Бириккен Араб Эмираттарында өткөн сынактарга катышкан. Негизги турнир 2021-жылдын ноябрында БАЭде өткөн квалификациялык турнир болду – төрт старттын жыйынтыгында кыргыз спортчу слалом түрү боюнча алдыдагы Олимпиадага катышуу укугун алды.

Олимпиадага Кыргызстандын спорттук делегациясынын курамында Максим Гордеев менен Игорь Борисовдон тышкары миссиянын жетекчиси, Улуттук олимпиада комитетинин кызматкери Чолпон Жумагазиева да болот. Оюндарга Эл аралык Олимпиада комитетинин чакыруусу менен КР УОКтун президенти Садыр Мамытов жана УОКтун башкы катчысы Кылычбек Сарбагишев баратышат.

Пекинде Кышкы Олимпиада оюндары 4-20-февраль аралыгында өтөт. Максим Гордеев 16-февралда мелдешке чыгат.

Exit mobile version