Site icon Reporter.kg

Кышкы ЖРТга каттоо жүрүүдө

Кышкы жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо жүрүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Каттоо 29-октябрга чейин Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун электрондук платформасында райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрү аркылуу онлайн жүргүзүлөт.

ЖРТга (кышкы кабыл алуу үчүн) орто билимге же кесиптик орто билимге ээ, колунда орто билимин тастыктаган аттестаты/диплому бар абитуриенттер гана катыша алышат.

Кышында окууга тапшыргандар контракттык негизде гана окуй алышат.

Exit mobile version