Site icon Reporter.kg

Кыштан кийин кризис болобу? Акылбек Жапаров элге кайрылды

Бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов кымбатчылык маселесин көтөрдү.

Анын айтымында, өкмөт айлык маянаны көтөргөнү менен кымбатчылык күндөн күнгө өсүп жатат.

“Кыштан кандай чыгабыз? Кыштан кийин бизди кризис каптайбы?” деп сурады депутат министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдон.

“Биз керектүү азык-түлүктөрдүн 68%ын сырттан алып келебиз. Кыш катуу болгон жатат. Мына Европада газ менен көмүрдүн баасы кымбаттады. Азыр Польшада 1 тонна көмүрдүн баасы 500 еврого чыкты. Ошондуктан биз алдын ала баа көтөрүлбөйт деп такыр айта албайбыз. Мен элге кайрылып коеюн, кыргыздарда кышка согум союп, көмүр даярдап алуу салты бар. Ошондуктан мындай учурларга даяр болушубуз керек. Жыргалчылык заман болбойт. Кыйын заманга даярдана беришибиз керек. Азыр Европада болуп жаткан окуялар кандай өзгөрүп кетет эч ким билбейт. Тактикалык куралдар колдонулуп кетет деп айтып жатышат. Эгер ошондой болсо, анда качкындардын саны дагы көбөйөт. Эгерде ал жакта чатак боло баштаса, анда биз чек араларды жапканга даярданып жатабыз», — деп жооп берди Жапаров.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version