Кытай айрым чет өлкөлүктөрдүн кирүүсүнө уруксат берет

Кытай айрым чет өлкөлүктөрдүн кирүүсүнө уруксат берет

Кытай айрым чет элдик жарандарга кирүүгө уруксат берет. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин сайтындагы билдирүүдө айтылат.

28-сентябрдан тарта Кытайда жумуш, жеке иштери жана «биригүү максатында» жашоого уруксаты бар чет өлкөлүктөр чек арадан өтө алышат. Аларга виза алуу үчүн кайрылуунун кажети жок экени белгиленди. Кытайга келген коноктор эпидемияга каршы эрежелерди так сактоого милдеттүү, деп айтылат билдирүүдө.

Эгерде чет өлкөлүк жарандын убактылуу жашоого уруксаты 2020-жылдын март айынан тартып, Пекин чек араларын жапкан учурга чейин бүткөн болсо, анда ал өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүгүнө кайрылып, виза сурай алат.

28-марттан бери Кытайдын Тышкы иштер министрлиги коронавирустун жайылуу коркунучунан улам чет өлкөлүктөрдүн өлкөгө кирүүсүнө тыюу салган. Өлкөгө дипломаттар жана айрым категориядагы жарандар гана кире алышат.

COVID-19 пневмониясынын очогу биринчи жолу 2019-жылы декабрь айында Ухан шаарында катталган. 11-мартта Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) пандемия жарыялаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>