Кытай Бишкек жылуулук электр борборун оңдоого жардам көрсөтөт. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиевдин элчи Ду Дэвэнь менен жолугушуусунда айтылды.
Кырсыкта жабыркагандар көңүл айтып, Синьцзян-Уйгур автономдук аймагы 100 миң доллар жөнөттү. Ал жакын арада Кыргызстандын эсебине которулат.
2-февралга караган түнү ЖЭБде авария болгон. Жарылуудан беш адам жабыркап, алардын экөөнүн денесинин 80% жана 90%ы күйүк алышкан. 3-февралда алар Түркиядагы адистештирилген клиникага которулган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз