Кытай COVID-19дун пайда болушу жөнүндөгү иликтөөнүн көчүрмөсүн жарыялады

Кытай COVID-19дун пайда болушу жөнүндөгү иликтөөнүн көчүрмөсүн жарыялады

Associated Press агенттиги Кытай өкмөтү COVID-19 вирусунун пайда болушу тууралуу иликтөөнү ачыкка чыгарганын кабарлады.

Басылманын маалыматына караганда, Кытай бийлиги пандемияга алып келген вирустун пайда болушун иликтөө үчүн окумуштууларга ири грант бөлүүдө. Бирок бир дагы материал мамлекет башчы Си Цзиньпиндин көзөмөлүндөгү атайын комиссиянын макулдугусуз жарык көрбөйт. Маалымат кандайдыр бир себептерден улам чыгып кетип, аны журналисттер ачык булактарга жайгаштырышкан.

Кытай өкмөтү вирус өлкөдөн тышкаркы аймакта пайда болгон болушу ыктымал деген божомолду жайылтууга аракет жасоодо.

Ушул тапта вирус жуктурган жарганаттар мекендеген үңкүр өзгөчө көңүл борборуна ээ. Бул аймакка кирүүгө дээрлик тыюу салынган. AP журналисттери ал жакка барууга аракет жасашкан, бирок жолду тосуп уруксат беришкен эмес

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>