Site icon Reporter.kg

Кытай элчисинин дипломатиялык миссиясы аяктады

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнди өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аяктаганына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Жолугушууда Кулубаев Ду Дэвэн эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн арттырууга чоң салым кошконун, бир катар маанилүү иш-чаралар, өлкө башчыларынын сапарлары уюштурулганын белгилеген.

Ду Дэвэн Кулубаевге Кыргызстанда иштеп жаткан мезгилде көрсөткөн көмөгү жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирген. Кытай элчилиги Кыргызстандагы социалдык долбоорлорго жигердүү катышканын, ал иштер эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы ынак коңшулук, достук жана кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түзгөнүн айткан.

Андан тышкары министр менен элчи соода-экономикалык, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулаган.

Эскерте кетсек, Ду Дэвэн 2019-жылы Кытайдын Кыргызстандагы элчиси болуп дайындалган.

Exit mobile version