Site icon Reporter.kg

Кытай «Эркечтам» жана «Торугарт» өткөрүү пункттарынан өткөн унаалардын санын көбөйтөт

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковдун Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Ду Дэвэнь белгилегендей, кыргыз тараптын бир нече ирет кайрылуусуна ылайык, кытай тарап жумушчу убакытты 8ден 12 саатка чейин жогорулатуу, ошондой эле көзөмөл-өткөрүү пунктун күн сайын, анын ичинде дем алыш күндөрү да иштөө режимине өткөрүү сунушталган.

Бул маселе боюнча министр Артем Новиков кытай тарап менен үстүбүздөгү жылдын 25-ноябрдагы жолугушкан.

Автотранспорттун санынын болжолдуу көбөйүшү суткасына 30 машинаны түзүшү ыктымал. Элчи «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү пунктундагы инфраструктураны жакшыртуу, ошондой эле пункттун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында кытай тарап эки кампа куруу, контейнер үчүн кран орнотуу тууралуу чечимин кабыл алгандыгын маалымдады.

Аталган өткөрүү пунктунун өткөрүү жөндөмдүүлүгү аба-ырайынын шарттарынан көз-каранды экенин элчи Ду Дэвэнь кошумчалады.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Кытайдын элчисине кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы  көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишине байланыштуу маселенин ыкчам чечилиши үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал Кыргыз Өкмөтү кытай тарап аркылуу көзөмөл-өткөрүү пункттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында кабыл алынып жаткан бардык чараларды колдоого алууга даяр экендигин белгиледи.

«Биз тараптан бардык тийиштүү кызматтар кытай тарап менен биргелешип иштөө режимине өткөрүлөт. Көзөмөл-өткөрүү пункттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу пандемия учурунда эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө оңдуу таасирин тийгизээрине ишенем. Товарларды ташууну уюштурууда бардык тийиштүү санитардык-эпидемиологиялык чаралар сакталат», — деди Новиков.

Жыйынтыгында Артем Новиков Мамлекеттик бажы кызматына,  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин кытай тарап менен биргелешип иштөө режимине өткөрүү тапшырмасын берди.

Мындан тышкары, «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пункту боюнча Өкмөттүн Нарын облустундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнө кытай кесиптештери менен ВКБ режиминде аталган пункттун ишин бир режимге өткөрүү боюнча кезектеги жолугушууну өткөрүүсү тапшырылды.

Exit mobile version