Site icon Reporter.kg

Кытай коронавирустан жабыркаган өлкөлөргө 2 млрд доллар берерин убадалады

Кытай эки жылдын ичинде коронавирустан жабыркаган өлкөлөргө 2 млрд доллар өлчөмүндө жардам берет. Бул тууралуу Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын 73-сессиясында айтканын «РИА Новости» басылмасы жазды.

“COVID-19 илдети менен күрөшүүдөгү эл аралык кызматташтыкты жөнгө салуу максатында  жабыркаган, айрыкча өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө  Кытай өкмөтү кийинки эки жыл аралыгында 2 млрд доллар бөлөт”, — деген ал.

Си Цзиньпин ошондой эле дүйнөлүк басылмалар жазып жаткан маалыматты четке кагып, Кытай бул ооруну жашырбай өз үчүрунда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна кабарлаганын кошумчалаган.

АКШ баштаган айрым өлкөлөр коронавирустун бүт дүйнөгө  жайылышы үчүн  Кытайды маалыматты жашырган деп күнөөлөп келет.  Айрым дүйнөлүк басылмалар коронавирус Ухань шаарындагы лабораториядан чыккандыгын божомолдоп жазышкан. Кытай өз кезегинде мындай божомолдорду четке кагууда.

Exit mobile version