Кытай коронавирустун вакцинасын маймылдарга сынады

Кытай коронавирустун вакцинасын маймылдарга сынады

Кытай окумуштуулары COVID-19га каршы маймылдарга жасалган вакцинанын сыноосунун жыйынтыктарын жарыялашты. Вакцина SARS-CoV-2 вирусуна каршы туруктуу коргоочу касиетке ээ экенин көрсөткөн. Бул тууралуу “Синьхуа” Cell журналына жарык көргөн илимий макалага таянуу менен билдирди.

Вакцинада инфекциялык ооруларды козгогон өлгөн микроорганизмдер колдонулган.

BBIBP-CorV препаратын Пекин биологиялык продукциялар институту, Кытайдын Оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө борбору, Медициналык илимдер академиясы биргеликте сынаган.

Мындан тышкары вакцина өндүрүштө жогорку өнүмдүүлүгү жана генетикалык туруктуулугу менен айырмаланат.

Соңку айларда көптөгөн өлкөлөрдө окумуштуулар коронавирустун жаңы тибинин вакцинасын сыноону башташкан. Айрымдар эксперименттерди жаныбарларга, кээ бири кишилерге жасоодо. Эгер вакцинаны тестирлөөнүн методикасы өзгөрбөсө, сыноолордун жыйынтыгы бир жарым жылдан кийин белгилүү болору айтылууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>