Site icon Reporter.kg

Кытай коронавирустун жаңы очоктору пайда болуп жатканын жарыялады

Акыркы суткада Кытайда коронавирустун 57 жаңы учуру аныкталды. Бул тууралуу аталган мамлекеттин Улуттук саламаттык сактоо комиссиясы билдирген.

Маалыматка ылайык, 57 учурдун  19у чет жактан келгендер, 38 ички жуктуруулар. Алардын – 36сы Пекин шаарынан катталган.

Кытай коронавирусту жеңдик деп жарыялагандан кийин, илдетти жуктургандардын эң көбү буга чейин апрель айында 11 адамдан катталган.

Белгилей кетсек, Кытайда коронавирустун 83 132 учуру катталып, анын 4634ү каза болгон.

Exit mobile version