Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу бир айдан кийин башталат

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу бир айдан кийин башталат

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча долбоорду бир айдан кийин баштайт. Бул тууралуу аталган ишкананын башкы директору Василий Дашков билдиргенин мекеменин сайты жазып чыкты.

Анда Василий Дашков тараптар бардык келишимдерге жетишкенин, долбоорго жалпы 4,5 миллиард доллар коротуларын айткан. Долбоорду каржылоого Орусия жана Өзбекстан колдоо көрсөтөт.

2002-жылы Бээжин долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин тактап, багытын аныктаган. Ал негиздеме боюнча темир жол Торугарт аркылуу Арпа жайлоосуна түшүп, Өзгөн районунан Кара-Сууга барып, андан ары Өзбекстанга өтмөк. Каттамдын узундугу 268 чакырым деп эсептелген.

Кыргызстандын аймагы аркылуу өтүп, Кытайды Европа менен байланыштыра турган темир жолдун курулушу көп жылдан бери айтылып, ишке ашпай келатат. Темир жолду куруу боюнча демилгелер Өзбекстанда бийлик алмашкандан бери күчөп, сүйлөшүүлөр жанданган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>