Site icon Reporter.kg

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу: Кыргызстанда расмий түрдө курулуш иштери башталды

КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча жыйын өткөрдү.

Жыйында долбоордун жүрүшү, техникалык жана логистикалык маселелер талкууланып, бардык тиешелүү органдарга тийиштүү тапшырмалар берилди.

Белгилүү болгондой, Кыргызстан аймагы боюнча 304 чакырымды түзгөн эл аралык темир жолдун узундугунда расмий түрдө курулуш иштери башталды.

Бул ири инфраструктуралык долбоор Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы транспорт байланыштарын жакшыртып, жүк ташууну жеңилдетип, жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп күтүлүүдө.

Exit mobile version