Site icon Reporter.kg

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу тез жүрүп жатканы айтылды

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушуна байланышкан маселелер ыкчам чечилип, долбоор жигердүү ишке ашууда. Бул тууралуу Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ күнү президенттин облустагы өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматов курулуш жүрүп жаткан аймактарда жеринде болуп, аткарылып жаткан иштер менен таанышты. Иш сапардын алкагында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Кытайлык компаниянын жетекчилери жана тиешелүү мекеме-ишканалардын адистери менен бирге Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагынан Тогуз-Торо районуна чейинки аралыктагы негизги тилкелерге барышты.

Текшерүү учурунда темир жол курулушуна керектелүүчү арнайы база, тоннель казуучу участоктор, арматуралык курулуштар жана өндүрүштүк объектилердеги жумуштардын жүрүшү талданды.

Exit mobile version