Бүгүн, 29-апрелде Сузакта Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун негизги объектилеринин курулушунун башталышына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Иш-чара темир жолдун эң маанилүү тилкелеринин бири – Фергана туннели боюнча иштердин башталышын белгилейт.
Кыргызстандын аймагындагы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорунун жалпы узундугу 304,94 чакырымды түзөт.
Долбоордо 48 көпүрө жана 27 тоннел куруу каралган; көпүрөлөрдүн жана тоннелдердин жалпы узундугу 119,69 км, көпүрөлөрдүн жана тоннелдердин жалпы коридорго катышы 39,3%ды түзөт.
Узундугу 12 километрден ашкан 3 ири тоннелди куруу пландаштырылууда:
1. Тоннель №1 — Нарын облусунун Ак-Талаа районунда;
2. Кош-Дөбө тоннели — Нарын облусунун Ак-Талаа району жана Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда;
3. Фергана тоннели — Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо жана Сузак райондорунда.