Site icon Reporter.kg

Кытай кыргызстандык жарандарга СУАРдын ЖОЖдорунда окуу үчүн 125 гранттык орун бөлдү. Кантип арыз берүү керек?

Кыргызстандын жарандары үчүн Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун кесиптик окуу жайларында 2025-2026-окуу жылында окуу үчүн 125 гранттык орунга (стипендия) конкурс жарыяланды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Гранттык орундар төмөнкү программалар боюнча берилет:

Конкурска катышуу үчүн талапкерлер төмөнкү документтерди pdf форматта тапшырышы керек:

Бакалавр жана кесиптик билим багыттары үчүн:

Магистра багыттары боюнча:

Докторантура багыты боюнча:

  1. Англис жана орус тилдеринде тандаган билим берүү уюму жана тандаган багыты (адистиги) көрсөтүлгөн резюме (резюменин шаблону);
  2.  Паспортунун көчүрмөсү (2026-жылдын 1-июлуна чейин жарактуу болушу керек;
  3. Англис тилине же кытай тилине которулган жана нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн билим жөнүндө документтин (дипломдун (магистр) же, эгерде бүтүрүүчү курстун магистранты болсо, бардык семестрдеги окуган дисциплиналары көрсөтүлгөн окууда жетишкендиги тууралуу маалымкаттын (транскрип)) көчүрмөсү;
  4. Кытай тилин билүү деңгээлин тастыктаган (HSK) күбөлүгү (сөзсүз түрдө 5- деңгээлден төмөн болбошу керек);
  5. Англис тилин билүү деңгээлин тастыктаган (TOEFL, IELTS) күбөлүк (артыкчылык берилет);
  6. Талапкердин жетишкендиктери жөнүндө күбөлүктөрдүн, илимий басылмалардын, дипломдордун, ардак грамоталардын, макалалардын, ошондой эле башка документтердин көчүрмөлөрү (эгерде бар болсо);
  7. Кытай Эл Республикасына окууга тапшыргандар үчүн медициналык маалымкат (милдеттүү түрдө тиркелген форма боюнча) (2025-жылдын 1-февралынан эрте эмес берилген маалымкат жарактуу);
  8. Соттолбогондугу боюнча маалымкат (2025-жылдын 1-февралынан эрте эмес берилген маалымкат жарактуу).

Конкурска катышуучулардын жаш курагы боюнча критерийлер:

Стипендиялык программага катышуу үчүн талапкерлер онлайн режимде каттоодон өтүшү керек: 

1-кадам: https://bilim.gov.kg/ky порталы

2-кадам: Чет өлкөдө билим алууга КР жарандарын кабыл алуу порталы https://student.edu.gov.kg/

3-кадам: «Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Өкмөтүнүн стипендиясы” программасы” графасын толтуруп, бардык талап кылынган документтерди жүктөө керек.

Документтер 2025-жылдын 10-июну саат 23:59га (Бишкек убактысы боюнча) чейин кабыл алынат. Документтер толук эмес болсо, арыз четке кагылат.

Стипендиялык программага катышуу маселелери боюнча маалыматтар иш күндөрү саат 15:00дөн 17:00гө чейин төмөнкү телефон номери боюнча берилет: +996 (312) 621193.

Exit mobile version