Site icon Reporter.kg

Кытай Кыргызстанга 63 млн сомдук жардам көрсөттү

Кытайдан Кыргызстанга кезектеги гуманитардык жүк келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, гуманитардык жүктү тапшыруу иш-чарасына министр Алымкадыр Бейшеналиев жана Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь катышкан.

Гуманитардык жүктө бир жолку колдонуучу коргонуучу кийим, кол кап, хирургиялык беткап, коргоочу беткап, көз айнек, бахила, халат, баш кийим, жасалма дем алдыруучу аппарат, ПЧР аппараттары бар. Ал эми жардамдын жалпы суммасы 63 миллион сомдон ашат.

Алымкадыр Бейшеналиев Кытайдын өкмөтүнө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн достук мамилелеринин мындан ары өнүгүүсүнө ишенерин белгилеген.

 

Exit mobile version