Site icon Reporter.kg

Кытай Кыргызстанга лайм, лимондун экспортун көбөйтүүнү көздөөдө

Кытай Кыргызстанга лайм, лимон жана алмуруттун экспортун көбөйтүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, эки өлкөнүн ортосундагы соода-сатыкты өрчүтүү, ишкердик кызматташууну арттыруу иштеринин алкагында кытайлык ишкерлерге Кыргызстанга жаңы лайм, лимон жана алмурутту экспорттоого көмөктөшүү боюнча жыйын өткөн.

«Тараптар бул мөмө-жемиштерди экспорттоо жана импорттоо жаатында кызматташуунун негизги аспектилерин талкуулап, Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы сооданы көбөйтүү боюнча иш-чаралардын иштеп чыгууну макулдашышты», — деп билдирет министрлик.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version