Кытайда күчү 4,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Ал Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Бедел айылында ( Бедел айылынан түштүк батышты карай 62 чакырым, “Кумтөр Голд Компани” ишканасынан 98 чакырым түштүктү карай, Каракол шаарынан түштүк батышты карай 174 чакырымда) 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.