Site icon Reporter.kg

Кытай: Өрттөн 8 киши каза таап, дагы жарадарлар бар

Кытайда бензин куюлуучу идиштин жарылуусунан 8 киши каза тапты. Окуя Далянь шаарынын болгонун жергиликтүү  CGTN каналы 11-сентябрда айтып чыкты.

Дагы 5 киши жараат алып, бейтапкада жатат. Абалдары туруктуу. Учурда окуянын келип чыгуу себептери такталып жатат.

Буга чейин Кытайда 12-июлда да газ күйүп кетип 2 киши өлгөн.

Exit mobile version