•  +(996) 557 67 66 40
  •  press@reporter.kg
ДҮЙНӨДӨНЖАҢЫЛЫКТАР

Кытай парламенти Гонконг жөнүндөгү талаштуу мыйзамды кабыл алды

Кытай парламентинин туруктуу комитети Гонконгдо улуттук коопсузукту камсыздоо боюнча мыйзамды кабыл алды. Бул тууралуу South China Morning Post (SCMP) гезити жана Reuters агенттиги жазды.

Мыйзам 1-июлда, Британиянын мурдагы анклавы болгон Гонконгдун Кытайга өткөрүлүп берилгендигинин 23 жылдыгында күчүнө кирет.

SCMP маалымдагандай, мыйзамды комитеттин 162 мүчөсү бир добуштан колдоду.

Бээжин мыйзам мамлекеттик бийликке каршы тургандар менен күрөшүүгө багытталганын билдирүүдө.

Ага ылайык, Кытайдан бөлүнүүнү жактагандар, мамлекеттик бийликке баш ийбегендер, чет өлкөлүк күчтөр менен байланышта болгондор катаал жазага тартылат. Маселен, өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Британия 1997-жылы Гонконгду өзгөчө укуктарга ээ, демократияга жана эркиндикке кепилдик берилген атайын аймак катары Кытайдын карамагына өткөрүп берген. Бээжин Гонконгду “бир өлкө, эки система” формуласына ылайык башкара турганын, ички саясатына кийлигишпей, кеңири автономия берерин убада кылган.

2019-жылдын июнунда Гонконгдо бир миллиондой адам кылмышкерлерди расмий Бээжинге өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбооруна каршы чыгышкан. Ошондон бери Гонконгдо толкундоолор уланып келет.

Бээжин нааразылык акцияларын чет мамлекеттер козутуп жатканын билдирип, “коопсуздук жөнүндө мыйзам” иштеп чыккан

 

Сунушталган жаңылыктар
ДҮЙНӨДӨНЖАҢЫЛЫКТАР

Өлдү деп жерге берилген адам эки айдан соң тирүү кайтып келген

ДҮЙНӨДӨНЖАҢЫЛЫКТАР

Кытайдын бийлиги бубон тумоосу чыкканын расмий ырастады

ДҮЙНӨДӨНЖАҢЫЛЫКТАР

АКШ Кытайдын TikTok соцтармагына бөгөт коет

ДҮЙНӨДӨНЖАҢЫЛЫКТАР

Кытайда бубон тумоосунан улам кооптуу кырдаал жарыяланды

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *