Site icon Reporter.kg

Кытай жаранын тоногон топ колго түштү

Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан каракчылыкка шектелген топ кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү милиция кабарлады.

Маалыматка караганда,  10-май күнү Кытай  жараны Ф.Ю., Бишкек шаарынын Фрунзе көчөсүнүн боюнда жайгашкан үйүнө кирип, бычак менен коркутуп, физикалык күч колдонуп, ачыктан ачык түрдө акча каражаттарын ээлеп алганы туурасында арыз менен кайрылган. 35 000 сом жана 1 000 юань акча каражатын алып, андан кийин белгисиз тарапка изин жашырып кетишкен.

Аталган факты Бишкек шаарынын Ленин райондук милицияда катталып каракчылык беренсинин  3-бөлүмү менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иликтөөнүн натыйжасында кылмышка шектүүлөр  19 жаштагы У.У.,  20  жаштагы К.А.,  18 жаштагы К.А., 20 жаштагы М.А. кармалган.

Алар тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда шектүүлөрдүн ушул сыяктуу башка кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

 

Exit mobile version