Кытай жаранына кол салган шектүү кармалды

Кытай жаранына кол салган шектүү кармалды

Бишкекте чет өлкөлүк жаранга каракчылык менен кол салган адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын октябрында Свердлов РИИБге кытайлык  44 жаштагы Чж.Х. арыз менен кайрылып, 11-октябрь күнү Бишкекте азият түспөлүндөгү үч адам убактылуу жашаган үйүнө кирип, ал жакта жашагандарды сабап, физикалык күч  колдонушуп,  ири өлчөмдөгү акча каражатын жана iPhone үлгүсүндөгү уюлдук телефонун, документтерин ээлеп алышканын билдирген.

Бул факты боюнча 202-берене (Каракчылык) менен иш козголгон.

Натыйжада кылмышка шектүү катары Ысык-Ата районунан 28 жаштагы Т.уулу.Ы. кармалган.

Билдирүүгө таянсак, кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Ал криминалдык авторитет Д.Ч.нын жакын тууганы болот. Азыркы учурда иликтөө уланып жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>