Site icon Reporter.kg

Кытай ЖОЖдору Кыргызстанга 13 бюджеттик орун бөлдү

Кытай мамлекети 2020-2021-окуу жылы үчүн Кыргызстандын жарандарына  13 орунга стипендия берди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Маалым болгондой, бул орундар — бакалавриат, магистратура, докторантура жана кытай тил такшалмасы үчүн бөлүнгөн.

Тандоо көз карандысыз комиссия тарабынан 2020-жылдын 9-январында эки тур менен Мамлекеттик башкаруу академиясынын имаратында өтөт.

Ар бир багыт боюнча кимдер катыша алат жана талаптар боюнча кеңири маалыматты Билим берүү министрлигинин  сайтынан алууга болот.

Exit mobile version