Site icon Reporter.kg

Кытайда акыркы сутка ичинде 1459 адам коронавирусту жуктуруп алды

Кытайда коронавирустан каза болгондордун саны 132 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук саламаттык сактоо комиссиясы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, акыркы бир сутканын ичинде Хубэй провинциясында вирусту жуктурган 26 адам өлгөн. Алардын көбү 60тан ашкан, буга чейин ден соолугу начар адамдар.

Мындан тышкары акыркы сутканын ичинде дагы 1459 адам коронавирусту жуктуруп алганы белгилүү болду. Жалпысынан Кытайда бул илдетти жуктурган адамдардын саны алты миңге жакындап калды.

Кытай дарыгерлеринин пикиринде, жаңы вирустун жайылышы дагы он күн уланып, андан соң абал турукташат. Бирок Гонконг университетинин адистери Кытайда бул илдетти жуктуруп алгандардын саны апрель-май айларында өтө көп болот деп болжолдошууда.

Өпкөнү сезгенткен вирусту жугузган адамдар Жапонияда, Түштүк Кореяда, Сингапурда, Германияда, АКШда, Францияда жана башка мамлекеттерде катталууда. Айрым өлкөлөр вирус биринчи болуп катталган Ухань шаарындагы жарандарын эвакуациялоо ниеттерин билдиришүүдө.

Associated Press агенттиги шаршемби күнү эртең менен 240 америкалык жаран отурган учак Ухандан учуп кеткенин кабарлады. АКШнын өкмөтү бул шаардагы башкы консулдукта иштеген америкалык дипломаттарды жана башка жарандарын алып кетүү үчүн атайын учак жалдаган.

Exit mobile version