Site icon Reporter.kg

Кытайда элди 2,5 млн долларга алдап кеткен эки жаран Ошто кармалды

Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн коңшу өлкөнүн жарандары Ош шаарында кармалды, деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, 6-декабрда Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Интерполдун Улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери менен Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери эл аралык издөөдө жүргөн адамдарды кармоо боюнча биргелешкен ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүштү.

Ош шаарында Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүрүшкөн Кытай жарандары 1963-жылы туулган L.Y. жана 1967-жылы туулган SH. G. кармалышты. Кармалган чет өлкөлүк жарандар 2020-жылдан бери Шэньси провинциясынын укук коргоо органдары тарабынан Кытай Эл Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренеси (Калктан аманаттарды мыйзамсыз тартуу) боюнча экономикалык кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүрүшкөн.

Каржылык көз боёмочулук жолу менен алар 40тан ашык жарандын 17,44 миллион юанын (болжол менен 2,5 млн доллар) ыйгарып алышкан. Бул чет өлкөлүк жарандарды камакка алууга облустук прокуратура уруксат берген.

Учурда кармалгандар Ош шаардык ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, аларды экстрадициялоо маселеси менен компетенттүү органдар алектенүүдө. Ички иштер министрлиги тарабынан тергөөдөн жана соттон жашырынып жүргөн жарандарды аныктоо, анын ичинде республиканын аймагында мыйзамсыз жүргөн адамдарды аныктоо боюнча ыкчам иш-чаралары улантылууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version