Кытайда коронавируска каршы дары изилденип бүтүп, сыноодон өтүүдө

Кытайда коронавируска каршы дары изилденип бүтүп, сыноодон өтүүдө

Кытайдын окуумуштуулары коронавируска чалдыккан бейтаптардын саламаттыгынын калыбына келишине жардам бере турган дарыны изилдеп бүттү. Бул тууралуу жергиликтүү “Жэньминь жибао” гезити жазды.

Маалыматта айтылгандай, “Авиган”дары сасык тумоого каршы күрөшүүчү каражат, бирок ал коронавируска чалдыккан бейтаптардын дене табын калыбына келтирип, вирус менен дагы күрөшөт.

Аталган маалыматты кытайдын  NHK телеканалына шилтеме жасап, Кыргыз Өкмөтүнүн коронавирусту алдын алуу боюнча ыкчам штабынан дагы кабарлашты.

Кытайдагы Улуттук биотехнологияны өнүктүрүү борборунун жетекчиси  Чжан Синьминдин айтымынд дарыны коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылоодо колдонушкан.

Изилдөөгө 300гө жакын бейтап катышып, “Авиган” дарысын колдонгон бейтаптардын дене табы 2 жарым күндөн кийин жакшыра баштаган. Ал эми дары колдонулбаган бейтаптардын дене табынын калыбына келиши 4 суткадан ашык убакытты камтыган. Мындан сырткары бул даары жөтөлдү айыктырууда дагы жакшы жардам берген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>