Кытайда коронавирустан өлгөндөрдүн саны 106га жетти

Кытайда коронавирустан өлгөндөрдүн саны 106га жетти

Кытай бийлиги жаңы коронавирус тездик менен жайылып жатканын, ооруну жуктаргандардын саны көбөйгөнүн билдирди. Акыркы маалыматтар боюнча 4500 адам бул илдетке чалдыгып, 106 киши өлдү.

Көз жумгандардын көбү 50 жаштан жогорку кишилер. Ошондой эле каза болгон 106 адамдын 100ү вирустун очогу болгон Хубэй провинциясынын тургундары.

26-январда Кытайдын саламаттык сактоо министри Ма Сяовэй өлкө оор кырдаалда экенин, жаңы вирустун тароо мүмкүнчүлүгү күчөп жатканын айткан. Сяовэй каттамдарга чектөө киргизүү, катуу көзөмөл жыйынтык бериши керек деп эсептейт. Буга чейин бир нече шаарда коомдук транспорттор, авиакаттамдар токтотулган.

26-январда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун директору Бээжинге барып, бул маселени кытай чиновниктери менен талкуулоону пландап жатканын айткан.

Бул арада Таиланд, Австралия, АКШ, Канада жана Францияда да вирусту жуктуруп алгандар бар.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>