Кытайда коронавирустун жаңы түрүн жуктургандардын саны он эсе көбөйдү

Кытайда коронавирустун жаңы түрүн жуктургандардын саны он эсе көбөйдү

Кытайдын Хубэй провинциясында коронавирустун жаңы түрүн жуктургандардын саны бейшембиде кечекиге салыштырганда он эсеге көбөйүп, 15 учур катталды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик кабарлады. Набыт болгондордун саны эки эсеге көп – 242 киши.

Шаршембиде Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирустун жайылышы басаңдаганын билдирген.

Кытайдын Саламаттык сактоо боюнча улуттук комиссиясы статистиканын кескин көбөйүшүн дартты аныктоонун жаңы ыкмасы менен түшүндүрдү. Мындан ары диагноз башка иликтөөлөрдү күтпөстөн, компьютердик томография менен аныкталат. Бул ооруну жаңы башталганда эле дарылоого жол ачат.

Учурда Кытайда коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 60 миң кишини түзүп, алардын ичинен 1300дөйү көз жумду, 6 миңдей адам айыкты.

Кечээ Лондондо да коронавирус жуктурган учур аныкталган. Бейтап бир нече күн мурун Кытайга барып келгени белгилүү болгон. Ушуну менен Британияда тогуз киши илдетке чалдыккан. Коронавирус дүйнөнүн 50 өлкөсүндө жайылды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>