Site icon Reporter.kg

Кытайда ультрамарафондо 21 адам каза болду

Кытайдын Ганьсу провинциясында өткөн ультрамарафондо аба ырайынын кесепетинен 21 спортчу каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

100 чакырым аралыкка чуркоо Байинь шаарына жакын жерде ишемби күнү эртең менен башталган. Жергиликтүү убакыт боюнча саат 13.00 чамасында марафондун 20-30 чакырым аралыгындагы бийик тоолуу бөлүгүндө аба ырайы кескин начарлап, мөндүр, шамал аралаш жамгыр жана катуу үшүк жүргөн. Чукул суукка байланыштуу спортчулар тоңо башташкан, айрым катышуучулар аба ырайынын ачылышын күтүп, чуркоону токтоткон.

Марафончулардын бири жарыш күнү эрте менен күн ачык болгонун, бирок жарышууга старт берүүчү жерге баруу үчүн автобуска түшкөндө, шамал болуп аба ырайы начарлап кеткенин айткан

«Жарыш башталганга чейин биз жылыныш үчүн эки чакырым аралыкты чуркадык. Бирок эки чакырым чуркасак да өтүп жылыган жокпуз», — деген жөө күлүк.

Анын айтымында, жарыш учурунда алгач жамгыр жаай баштап, кийин катуу шамал башталган: «алгач бардык манжаларымы сезбей баштадым, ал тургай тилим да тоңуп калганын сездим» деген. Мындан улам, жарышты токтотуп, ылдый түшүүнү чечкен.

Уюштуруучулар мелдешти токтотуп, спортчуларды табуу үчүн 1200 куткаруучу жөнөткөн. Алардын айтымында, спортчулар өтө жеңил кийинип, бийик тоолуу аймактарда абанын температурасы дээрлик нөлгө түшүп кеткен.

Exit mobile version