Site icon Reporter.kg

Кытайдан келе турган туристтик топтор үчүн визасыз режим киргизилди

Кыргызстан Кытайдан келе турган туристтик топтор үчүн визасыз режим киргизди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кытайдын Элдик саясий консультациялык кеңешинин Бүткүл кытайлык комитетинин төрагасынын орун басары Шэнь Юэюэ менен болгон жолугушууда билдирди.

Байсаловдун айтымында, эми уюшуп топ менен келген кытайлык туристтер Кыргызстанда 21 күнгө чейин визасыз жүрө алат.

Бул чечим туристтерди тартуу үчүн жасалган.

Exit mobile version