Кытайдан келген жүргүнчүлөр текшерүүдөн өтүүдө

Кытайдан келген жүргүнчүлөр текшерүүдөн өтүүдө

Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрмө бекеттерде санитардык көзөмөл күчөтүлдү.  Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, буга кытайдагы жайылып жаткан жаңы вирус себеп болгон.

Азыркы тапта “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл өткөрүү-бекеттерине жана “Манас” аэропортуна адамдын дене табын өлчөөчү портативдик тепловизорлор да орнотулуп, Кытайдан келген бардык жарандар текшерүүдөн өтүүдө.

Белгилей кетсек, Кытайда адамдын өпкөсүн сезгентүүчү жаңы вирус декбарьдын ортосунан бери жайылып жатат. Андан 9 адам каза болуп 500гө жакын адам ооруну жуктуруп алганы аныкталгн.

Учурда дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү санитардык көзөмөлдү күчөтүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>