Site icon Reporter.kg

Кытайдан Кыргызстан аркылуу ЕАЭБге аткезчилик товар ташыгандар кармалды

Кытайда чыгарылган электрондук чылымдарды Кыргыз Республикасына алып келип сатуу жана Орусяига транзиттик жол менен алып өтүү каналы аныкталды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.

Маалыматка караганда, 21-апрелде Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (Опузалап талап кылуу) фактысы боюнча чет элдик жарандан 50 миң АКШ долларын талап кылуу фактысы менен мурда укук коргоо органдарынын кызматкерлери болгон кыргыз жараны И.М.Н. жана чет өлкөлүк жаран Э.Н.И. кармалды.

Аталган адамдар Кыргызстанга жана Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттерге сатуу максатында Кытайдан электрондук чылымдарды контрабандалык жол менен алып өтүүнү уюштурушканы аныкталган.

Ошол эле учурда КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалгандар КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

“Жунхай” базарынан КР аймагына бажы алымдарын төлөбөстөн ташылып келинген, жалпы 200 миң АКШ долларынан ашык сумманы түзгөн 70 миң даанадан ашык электрондук чылымдардын партиясы табылып алынды.

Азыркы учурда кылмыш ишинин алкагында көзөмөлдөөчү мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын бул мыйзамсыз иштерге катыштыгы бар экендигин, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар жүрүп жатат.

 

Exit mobile version