Site icon Reporter.kg

Кытайдан Кыргызстанга импорт былтыркыга салыштырмалуу 3,6% кыскарды

Кытайдын Бажы башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2025-жылдын биринчи кварталында Кытайдан Кыргызстанга товарлардын импорту былтыркыга салыштырмалуу 3,6% кыскарган.

Үч айдын ичинде Кыргызстанга 4 миллиард долларлык товар жеткирилген, бул 2024-жылдын биринчи кварталына салыштырмалуу дээрлик 150 миллион долларга аз.

Импорттун көлөмүнүн төмөндөшүнө карабастан, Кытайдан ташуулар март айында калыбына келе баштады жана 1,7 миллиард долларга жетти, бул 2024-жылдагы орточо айлык импорт көрсөткүчүнөн 5% жогору.

Кытайдан келген импорттун түзүмүндө жеңил автоунаалардын үлүшү азаюуда. Эгерде 2024-жылдын биринчи кварталында автоунаалар кытайлык импорттун наркынын 23%ын түзсө, үстүбүздөгү жылдын январь-мартында 6%дан бир аз азыраакты түзгөн.

Exit mobile version