Site icon Reporter.kg

Кытайдан ташылып келген 26 тонна картошка артка кайтарылды

Кытайдан Кыргызстанга ташылып келген 26, 13 тонна картошка артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Министрликтин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти Катайдан алынып келген 26,13 тонна картошканы текшерип, фитосанитардык талаптардын бузулушун аныктаган: ташылып келген продукциянын таңгагында маркировканын жоктугуна байланыштуу картошка артка кайтарылган.

Exit mobile version