Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри Ван И Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, Ван И Кыргызстанга Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу боюнча келген.
Сапардын алкагында жогорку деңгээлдеги эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалууда.