Site icon Reporter.kg

Кытайдын вице-премьери Кыргызстанга келди

Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Ху Чуньхуа иш сапары менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Конокторду «Манас» эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

Иш сапардын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар өтөөрү пландалууда.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version